Жогорку Кеңеште социалдык маселелер талкууланды

16-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 57

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кандай» саатында депутаттар өлкөнүн аймактарындагы социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Депутат Нуржамал Торобекова Кара-Суу районунун Садырбай айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун абалы начар экенин билдирди. Анын айтымында, жол курууга байланыштуу аталган имарат буздурулуучу объектилердин тизмесине кирген. Борбордо Садырбайдан тышкары Манас жана Ала-Тоо айыл өкмөттөрүнүн тургундары да медициналык жардам алышат. Эл өкүлү медициналык мекемени кийинки жылга капиталдык курулуш объектилеринин тизмесине киргизүүнү сунуштады.

Болотбек Борбиев Токтогул районунда окуучуларды мектепке жеткирүү көйгөйүн көтөрдү. Маалыматка караганда, 24 айылдан 514 окуучу 8 мектепке каттап окуйт. Алардын айрымдары мектепке 3–15 чакырым аралыкты басып өтүүгө аргасыз. Жолдордун ээн талаа же ири автожолдордун боюнда жайгашканы балдардын коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданууну жаратууда. Депутат 8 мектепке окуучуларды ташуу үчүн 8 автобус бөлүп берүүнү өтүндү.

Ош-Өзгөн жолундагы тыгын маселесин Алишер Козуев көтөрүп, жолдун стратегиялык маанисин эске алуу менен көйгөйдү тез арада чечүүгө чакырды.

Ал эми Бекмурза Эргешов Ош шаарындагы жашыл аймактарга байланыштуу маселеге токтолду. Анын маалыматына ылайык, 2016-жылдан бери жашыл аймак катары белгиленген айрым жерлерде жергиликтүү тургундар көп жылдан бери жашап келишет. Мындан тышкары, айрым айылдарда социалдык объектилердин курулушу жүрбөй жатканы жана көпүрөлөрдүн биринин авариялык абалга келгени айтылды.

Билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү Бактыбек Чойбеков көтөрүп, мектептерди оңдоого бөлүнгөн каражат жетишсиз экенин билдирди. Ал каржылоону окуучулардын саны менен катар мектеп имараттарынын жалпы аянтын да эске алуу менен бөлүштүрүүнү сунуштады.

Уланбек Жаанбаев медициналык маалымкаттарды, анын ичинде №073 жана №086 формаларын алууда жаралган кезектерди иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Ноокаттагы бүтпөй калган имараттын курулушун аяктоо жана Ош–Раззаков жолунун Бел айылына жакын бөлүгүнө жол чырак орнотуу маселелерин көтөрдү.

Үй-бүлөлөрдү колдоо маселесине көңүл бурган Нилуфар Алимжанова «балага сүйүнчү» төлөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды. Депутат инфляцияны эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Ошол эле учурда ал мектеп окуучуларын окуу китептери менен толук камсыз кылуу маселесин көтөрдү. Айрым балдарга 3–4 гана китеп берилип, калган китептерди ата-энелер өз каражатына сатып алууга аргасыз болуп жатканын айтты.

Эркеайым Сейтказиева багбанчылык-дача участокторунун макамы дагы деле так чечилбей жатканын билдирди. Анын айтымында, жаңы Жер кодексинде дачаларды калктуу конуштардын курамына киргизүү каралганына карабастан, бул багытта бир жылдан бери маселе толук чечиле элек. Депутат тиешелүү мамлекеттик органдарды маселени тез арада жөнгө салууга чакырды.

Ал эми Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүндө жол коопсуздугун күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында видеокамераларды, жол чырактарды жана жол белгилерин орнотууну сунуштап, аймакта жол кырсыктары көп катталып жатканын айтты.

Жыйынтыгында депутаттар көтөргөн маселелердин басымдуу бөлүгү медициналык тейлөө, мектептердин абалы, окуучулардын коопсуздугу, жол инфраструктурасы, социалдык төлөмдөр жана жер маселелерине байланыштуу болду.

16-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X