Жогорку Кеңеште улуттук өзгөчөлүктү чагылдырган сувенирлер коюлган атайын бурч ачылат

15-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178

Жогорку Кеңеште улуттук өзгөчөлүктү жана парламенттин символикасын чагылдырган сувенирлер коюлган атайын бурч уюштурулууда.

Анда улуттук колориттеги сувенирлер менен катар Жогорку Кеңештин өзгөчөлүгү жана символикасы түшүрүлгөн белектер да коюлат. Мындай эстелик буюмдар парламентке келген чет өлкөлүк делегацияларга, расмий конокторго жана жарандарга жеткиликтүү болот.

Мындан тышкары, депутаттардын сүрөттөрү түшүрүлгөн кружкалар да даярдалууда. Алар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышып, өздөрү шайлаган округдун депутаттары менен жолугууга келген жаштардын кызыгуусун эске алуу менен жасалууда.

15-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X