Жогорку сот Кыргызстандагы мыкты судьяларды аныктады
Бүгүн, 14-феврал күнү Жогорку сотто 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча пленумдун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Пленумга Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев катышты. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча комиссия мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен үч судьяны аныктады.
Алар:
биринчи орунду Ат-Башы райондук сотунун судьясы Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич ээледи;
экинчи орун — Ош шаардык сотунун судьясы Асанова Чолпон Карыпбековна;
үчүнчү орун — Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Дарманкулов Манасбек Маширапович. Алар 5-мартта судьялардын XIII съездинде сыйланат.