2026-жылдын 12-февралында Жогорку сот өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, сот системасы менен университеттердин кызматташуусун күчөтүү боюнча макулдашты. Иш-чаранын жыйынтыгында студенттерди практикалык даярдоо багытында келишимдерге кол коюлду.
Жолугушууга Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жана жогорку окуу жайлардын ректорлору катышты. Анда студенттердин сот органдарында өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикасын уюштуруу, биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү жана адистерди сапаттуу даярдоо маселелери талкууланды.
Иш-чарага төмөнкү алдыңкы жогорку окуу жайлары жана илимий мекемелердин жетекчилери катышты: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, «Ала-Тоо» эл аралык университети, Ош мамлекеттик университети, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргызстан эл аралык университети, Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Борбордук Азиядагы Америка университети, Борбордук Азия университети.
Төрага Медербек Сатыев сот системасы юристтер менен катар IT, киберкоопсуздук, финансы, медиа жана аналитика багытындагы адистерге да муктаж экенин белгиледи. Анын айтымында, келечектеги адистер тажрыйбаны түз эле соттук иш жүргүзүү процессинен алышы керек.
Жолугушуунун жыйынтыгында соттордо насаатчыларды бекитүү, окутуучулар үчүн квалификацияны жогорулатуу программаларын ишке киргизүү жана окуу программаларын жаңылоо боюнча биргелешкен аракеттер көрүлөрү айтылды.