Жол кире маселеси качан чечилет?

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сентябрь айында маршруттук каттамдардын жол киресин көтөрүү маселеси чечилет.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов маршруттук каттамдарды иштеткен фирмалардын жетекчилери менен 2-июнда жолугуп, тариф маселесин талкуулаганын билдирген.

Анын айтымында, жол кирени көтөрүү маселеси боюнча суроолор КР Экономика жана каржы министрлигинин кароосуна берилди. Акыркы чечим шаардык кеңештин депутаттарынын талкуулоосунан кийин кабыл алынат.

Эске салсак, 2-июнда Бишкектеги маршруттук каттамдарды тейлеген айдоочулар иштерин таштап, шаардын тургундарына ыңгайсыздыктар жаралган.

Маалымат иретинде: Бишкек шаарында 42 жеке маршруттук компания жүргүнчүлөрдү ташып, 3000 миңден ашуун маршруттук такси шаардыктарга кызмат көрсөтөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X