Жоламан Шаршенбеков алтын үчүн күрөшөт

20-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 52

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында кабарланды.

Шаршенбеков 60 кг салмак менен мелдештин чейрек финалында монголиялык Балжинням Тсевенравданды 8:0 эсебинде күрөштүн биринчи бөлүгүндө эле жеңди. Ал эми жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовго каршы килемге чыгып,  6:1 эсеби менен Фидахметовду утуп алды.

Финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехри Мохсенге каршы чыгат.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатында буга чейин Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль багындырса, Роман Ким (130 кг) коло медалга татыган.

 

 

20-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X