Жумгалда автоунаадан 4,7 килограмм баңгизат табылды
Нарын облусунун Жумгал районунда милиция кызматкерлери автоунаадан 4 килограмм 700 грамм баңгизатка окшош зат табышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 18-ноябрда саат 19:20 чамасында Сары-Булуң айылындагы Балыкчы–Казарман автожолунун 207-чакырымында болгон. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери күмүш түстөгү «К5» үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, текшерүү жүргүзүшкөн.
Анын салонунан жана чатырындагы жүк салуучу кутудан өзгөчө жыты бар сары түстөгү өсүмдүк заты табылып, алынган. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочу М.А. жана жүргүнчү Н.А. баңгизат колдонгону аныкталган.
Бул факты боюнча 19-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында шектүүлөрдүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, С.Б.нын үйүнөн 93 грамм өзгөчө жыты бар зат, ал эми Н.А.нын үйүнөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган.
21-ноябрда 1975-жылы туулган С.Б. кармалып, 23-ноябрда соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Ал Нарын шаарындагы №24 тергөө абагына киргизилген.
Учурда табылган заттарга жана куралга экспертизалар дайындалып, М.А. менен Н.А.нын кылмышка тиешеси бар-жогу териштирилүүдө.