Жумгалда сууга агып кеткен 2 жаштагы наристенин жансыз денеси табылды

8-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 46

Жумгалда 2 жашар бала сууга түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жумгал районунун Чаек айылында Жумгал суусуна 2020-жылы туулган А. уулу С. аттуу эркек бала түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жумгал райондук №43 ӨКБдан 9 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 киши тартылып, жергиликтүү тургундар тарабынан жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

8-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X