Жумуш күндөрү улуттук кийим кийип жүрүү милдети коюлду

24-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарынын мэри Шавкат Умурзаков 21-январда улуттук иденттүүлүктү жана маданиятты жайылтуу боюнча кошумча чараларды киргизүү чечимине кол койгону кабарланды.

Документке ылайык, «Улуттук Ташкент» долбоору бекитилип, жумушчу топ түзүлөт. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде ар жума күнү «Улуттук кийим күнү» жарыяланат. Андан тышкары Ташкенттеги район акимчиликтеринде, башкармалыктарында жана мамлекеттик органдарында иштегендер жумуш күндөрү улуттук кийим кийип жүрүүгө тийиш.

Ошондой эле улуттук баалуулуктар жана кийимдер темасында ар кандай сынактар, оюн-зооктор уюштурулат.

24-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X