«Жунхай» базарында өрт чыкты
Кечээ, 22-октябрда «Жунхай» базарындагы чыккан өрт болжолдуу 1000 чарчы метр аянтка жайылды. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 19:41де жалпы 8 күжүрмөн эсеп, штаб, 5 куткаруучу тартылды. Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов координациялады. Өрт саат 21:33тө чектөөгө алынып, 01:01де толук өчүрүлдү.
Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби аныкталып жатат.