Журналисттин этикалык кодексине өзгөртүү

6-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61

Азыркы учурда социалдык тармактар да маалымат булагы катары пайдаланылып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери ага шилтеме кылган учурлар көп кездешет. Бирок соцтармактарда верификацияланган, башкача айтканда ээсинин аныктыгы такталып, көк белги коюлган баракчалар менен катар эле “фейк” аккаунттар да бар. Жакында Журналисттин этикалык кодексине киргизилген өзгөртүүгө ылайык журналист эми белгилүү адамдардын пикирин эгерде ал верификацияланган аккаунтка жарыяланган учурда гана пайдалана алат. Мындай өзгөртүү журналисттин этикалык кодексинин 10-беренесине киргизилди. Ошондой эле кодекстин 6-беренесине киргизилген өзгөртүү боюнча эми журналистке жалпыга маалымдоо каражатын коомдун кызыкчылыгына, адам укугуна зыян келтирип, зордук-зомбулукту, расалык, аймактык, диний жана социалдык, гендердик, сексуалдык маселелерди тескери маанайда жайылтуу үчүн пайдалануусуна жол берилбейт.

Журналисттин этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынган. Өткөн аптада болуп өткөн медиа-форумда Журналисттердин этикалык кодексине өзгөртүү киргизилип, ЖМКга дооматтарды кароо боюнча комиссиянын жаңы курамы түзүлдү. Комиссияга мүчөлөрдү шайлоо жашыруун добуш менен өткөрүлүп, журналисттер, жарандык коом жана медиа-уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 13 адам комиссия мүчөлөрү болуп шайланды. Мамлекеттик маалымат каражаттарынан талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, бул курамга алардан өкүлдөр кирген жок. Ошондой эле аймактык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да кирбей калды. Эми комиссиянын биринчи жыйынында комиссиянын төрагасы анын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКга дооматтарды кароо комиссиясын мурдагы тележурналист Тамара Валиева жетектеп келген. Анын айтымында мурдагы курам 30дан ашык даттанууларды караган. Алардын көпчүлүгүн адамдын ар-намысына шек келтирүү боюнча арыздар түзөт. Комиссиянын чечими юридикалык күчкө ээ эмес. Ошентсе да комиссия арыздарды кароодо эки тарапты өз ара түшүнүшүп, сотко жеткирбей ынтымакка келтирүү максаттарында иш алып барат.

№32 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 5-апрели
Бегим ТУРДАЛИЕВА

6-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X