Жүрөктөгү дүйнө калемде, калемдеги сыр кагазда

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 313

Аялзатынын жан дүйнөсү өзүнчө бир өлчөөсүз аалам. Ошол чексиз ааламды жүрөгүнөн өткөрүп, калем аркылуу кагазга түшүргөн акын кыздарыбыздын чыгармачылык жолу өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Алардын ар бир ыры ички толгонууну, турмуштук тажрыйбаны, кубаныч менен арманды, үмүт менен күмөндү өзүнө камтыган руханий чыйырдын белес ашып, тарам жолдорго кошулган көрүнүшүн элестетет. Ооба, акындык бир күндө калыптана калчу өнөр эмес. Калем кармаган сайын ой такталат, сезим бышат, сөздүн салмагы артат. Кечээки ырынан бүгүнкү сабы айырмаланып, бүгүн жазганынан эртеңкиси тереңдеп турган калемгердин өсүшү да дал ушул такшалуудан көрүнөт. Бүгүнкү кыргыз поэзиясында өзүнүн үнүн издеп, акырындык менен өзгөчө кол тамгасын калыптандырып келе жаткан акын кыздарыбыз арбын. Алардын айрымдары сүйүүнүн назик сырларын ырга айлантса, айрымдары турмуштун оорчулугун, эне жүрөгүнүн толгонуусун, аял тагдырын, мекенди, адамдык нарк-насилди, убакыт менен өмүрдүн айкалышын калемине артып алып, түйшүктүү сапарда жол арытып келет.

Мен бүгүн дал ошондой изденүүнүн жолунда бара жаткан акын кызыбыз – Бурул Аманбековнанын чыгармачылык дүйнөсүнө үңүлүп, анын ырларындагы ички үндү, образдык табылгаларды, анан да улам такшалып бараткан акындык чеберчилиги жөнүндө сөз айткым келип турат. Анткени, чыныгы ыр кагазга түшкөн сөздөрдүн гана жыйындысы эмес. Ал адамдын жан дүйнөсүнөн калем аркылуу өтүп, ариптер менен окурмандын жүрөгүнө жеткен каймана сыр. Бурул Аманбековнанын социалдык желеге жарыяланган “ТУРМУШТАН СЫНДЫ БУЛ” ДЕГИЗБЕЙМ” деген ырынын өзөгүндө турмуштун сыноолоруна сынбаган, ички дүйнөсүн сактаган, багытынан тайбаган адамдын руханий бекемдиги жатат. Лирикалык каарман өз өмүрүн деңизге, гүлгө, жарыкка, күүгө, обонго, тоого салыштыруу аркылуу адамдын ички күчүн акырындап бийиктикке көтөрүп чыгат. Ырда муң да, арман да бар, бирок алар жеңилүүнүн эмес, чыңалуунун жана кайра жаралуунун белгилери катары берилген. Келиңиз окурман, бул ырды чогуу окуп көрөбүз.
Турсам да толукшуп деңиздей,
“Турмуштан сынды бул” дегизбейм.
Сан гүлдөй жаркыган дүйнөмдү,
Сактаймын четин да кемитпей.

Түн түшсө жалп өчпөйм жарыктай,
Түйшөлбөйм бактысыз карыптай.
Түбү жок көп кыял жетелейт,
“Тайба” деп бараткан багыттан.

Кулпулуу, купуя дүйнөмдү,
Аңтарып чыксам дейт жан калбай.
Арманым, азабым билгизбей,
Ан сайын сыр болом кармалбай.

Канча ирет чалышты турмушта,
Калсын деп бакытка оролбой.
Дүрбөттү дүйнөмдү суук сөз,
Дагы эле келатам жоголбой.

Ызгаары үшүтүп, тоңдуруп,
Буза албас мени эми бороондор.
Күү болуп чертилип бир өмүр,
Ыр болуп созулам обондой.

Жердеги гүл болсом кечээ мен,
А эртең бийиктейм тоолордой…
Бул ырдын башталышы эле лирикалык каармандын мүнөзүн ачык көрсөтөт. “Толукшуп деңиздей” деген салыштырууда адамдын ички дүйнөсүнүн кеңдиги, толкундануусу, кубаты камтылган. Деңиз бир калыпта турбаган, дайыма кыймылдагы стихия. Демек, лирикалык каарман да турмуштун өзгөрүүлөрүнө карабай ичинен толкуп, жашоо менен күрөшүп турган инсан. “Турмуштан сынды бул дегизбейм” деген сап 1-строфанын негизги идеялык өзөгү. Бул жерде сынуу физикалык эмес, руханий жактан жеңилүү маанисинде. Каарман турмуштун оордугун моюнга алат, бирок ага багынып бербейт. Ал эми “Сан гүлдөй жаркыган дүйнөм” деген метафора анын ички дүйнөсүнүн байлыгын билдирет. Гүл сулуулуктун, жашоонун, назиктиктин символу. “Четин да кемитпей сактоо” өзүнүн адамдык касиетин, үмүтүн, кыялын, дүйнөгө болгон ишенимин жоготпоого болгон чечкиндүүлүк. Биринчи строфа каармандын ички манифести сыяктуу. Ал башынан эле “Мен турмуштан жеңилбейм” деген позицияны билдирет.

Экинчи строфада жарык менен караңгылык карама-каршы коюлган. Түн кыйынчылыктын, кайгынын, белгисиздиктин символу болсо, жарык үмүт менен жашоого болгон ишенимдин белгиси. “Түн түшсө жалп өчпөйм жарыктай…” бул сап каармандын тышкы шартка эмес, ички күчкө таянарын көрсөтөт. Түн канчалык караңгы болсо да анын руханий жарыгын өчүрө албайт. “Түйшөлбөйм бактысыз карыптай…” деген сапта жашоодон көңүлү калган, үмүтү үзүлгөн адамдын образы каршы коюлган. Лирикалык каарман андай абалга түшүүдөн баш тартат. Эң маанилүү образ “түбү жок көп кыял…” Кыял бул жерде жөн гана кыялдануу эмес, адамды алдыга сүрөгөн ички энергия. Ал тургай кыялдын өзү каарманга “Тайба!..” деп багыт көрсөтүп жаткандай сезилет. Мындан адам менен анын кыялынын ортосундагы ички диалогду көрүүгө болот.

Үчүнчү строфада ырдын сырткы күрөшү эмес, ички психологиялык катмары тереңдейт. “Кулпулуу, купуя дүйнө…” лирикалык каармандын ички дүйнөсүнүн жабык экенин билдирет. Анын ичинде башкаларга көрүнбөгөн сырлар, арман, кайгы, ой-толгоолор жашайт. “Аңтарып чыксам дейт жан калбай…” деген сапта башка адамдардын каармандын ички дүйнөсүнө кызыгуусу байкалат. Бирок каарман өз сырын толук ачып бербейт. Тескерисинче, “Арманым, азабым билгизбей, Ан сайын сыр болом кармалбай…” деп, өзү улам сырдуу болуп баратканын айтат. Бул жерде сыр жашырылган маалымат эмес, адамдын руханий тереңдиги. Адам канчалык таза болсо, башкаларга ошончолук чечилбеген сырдуу сезилет. Демек, лирикалык каарман өзүн башкалар толук аңдап бүтө албаган, ички дүйнөсү терең инсан экенин көрсөтөт.

Төртүнчү строфада биринчи жолу турмуштун конкреттүү соккусу сезилет. “Канча ирет чалышты турмушта…” каарман көп жолу сыноого кабылганын билдирет. Бирок “чалышты” деген сөздүн өзү кызыктуу. Адамды жыгууга аракет болгон, бирок ал жыгылып калган эмес. “Суук сөз” физикалык соккудан да күчтүү психологиялык жарааттын символу. Кээде адамды окуя эмес, адамдардын жагымсыз сөзү катуу оорутат. Ошол сөздөр каармандын дүйнөсүн дүрбөткөнүн көрүүгө болот. Бул строфанын соңку сабы бүтүндөй ырдын идеялык өзөгүн кайра бекемдейт. “Дагы эле келатам жоголбой…” Мындан жеңиштин декларациясын көрүүгө болот. Мен аман калдым – дегенден да күчтүү мааниде “мен дагы эле жолдомун…” – деген терең түшүнүк жатат.

Бешинчи строфада турмуштун сыноолору табигый кубулуштарга айланат. Ызгаар, суук, бороон. Ырдын башындагы деңиз, түн, гүл образдары эми бороон менен толукталат. Бирок айырмасы башында каарман турмуштун соккуларына каршы тура турганын айтса, эми “Буза албас мени эми бороондор…” – деп, өзүнүн мурдагыдан да күчтүү болуп калганын билдирет. Бул жерде “эми” деген сөз өзгөчө маанилүү. Ал өткөн тажрыйбаны билдирет. Башынан көп нерсе өткөн адам эми мурдагыдай алсыз эмес. Андан кийин поэтикалык образ кескин өзгөрөт. “Күү болуп чертилип бир өмүр…” Өмүр музыка катары кабыл алынат. Күү, кыргыз дүйнө таанымында сөз менен айтылбаган сезимдин тили. Демек, каармандын өмүрү жөн гана жашалган убакыт эмес, кайгысы да, кубанычы да, күрөшү да бар музыкалык чыгарма. Ал эми “Ыр болуп созулам обондой…” – деген сапта адамдын өмүрү обонго айланат. Бул жерде өмүрдүн өлүмгө эмес өнөргө, изге, эстеликке айланышы тууралуу философиялык маани жаралат.
Ырдын акыркы финалдык эки сабы анын идеялык бийиктигин жаратат.

“Жердеги гүл болсом кечээ мен,
А эртең бийиктейм тоолордой…” деген жыйынтык бүт ырдын мурунку образдарын бир чекитке чогултат. Гүл – кечээки адам. Ал эми тоо – эртеңки адам. Бул руханий өсүүнүн абдан түшүнүктүү жана таасирдүү символдук модели. Жыйынтыктап айтканда, лирикалык каарман турмуштан жеңилген адам эмес, турмуштун соккуларынан кийин өзүнүн ким экенин дагы да терең түшүнгөн адам. Ырдын пафосу өкүнүүдө эмес, өзүн сактап калууда. Кайгыда эмес, кайгыдан бийиктөөдө. Кечээде эмес, эртеңкиге болгон ишенимде. “Эртең тоолордой бийиктечү” мыкты калемгер айымга өлчөөсүз бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Бахпурбек Аленов

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 313
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X