Жыл башынан бери төрөлгөн 14 миң 346 балага сүйүнчү пул берилген

20-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 40

Жыл башынан бери жаңы төрөлгөн 14 миң 346 балага “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү боюнча 57 миллион 522 миң сом каржыланды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 миң сом төлөнүп берилди. Эске салсак, 2024-жылдын 1-февралына карата 59 миллион 477 миң сом каржыланган.

20-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X