Жылдан-жылга адамдын интеллектинин деңгээли төмөндөп бара жатат
Бул тууралуу Жалпы россиялык техникалык эстетика илим-изилдөө институтунун Неврология илимий борборунун директору Михаил Пирадовдун пикирине таянып РИА Новости агенттиги жазды,-деп маалымдады sputnik.kg. Илимпоздун айтымында, 1930-1980-жылдар аралыгында туулган кишилердин IQ деңгээли андан кийин туулгандардыкына караганда 20 пайызга жогору. Окумуштуу ушундай жол менен кете берсек, келечекте колунан эч нерсе келбеген муун пайда болушу мүмкүн экенин айткан.