Жылуулуктун баасы 2021-жылы 25%га жогорулашы мүмкүн
Энергетика жана өнөр жай министрлиги «2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Министрлик мындай демилгени керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер өздүк нарктан төмөн деңгээлде белгиленип, жыл сайын каражаттын тартыштыгына жана субсидиялоонун көбөйүшүнө алып келгендиги менен түшүндүрдү.
Өкмөт жылуулуктун баасын акырындык менен көтөрүүнү көздөп жатат. Эгерде 2014-жылы калк үчүн жылуулук энергиясына болгон тарифтер 1 Гкал үчүн 917,78 сомду түзсө, 2015-жылы 1100 сомду түзүп, 19%га өскөн.
Жаңы долбоордо калк үчүн тарифтерди 25%га жогорулатуу сунушталат. Бул деген жылуулук энергиясы үчүн 1418,45 сом/Гкал, ал эми ысык суу үчүн 1227,2 сом/Гкал болот. Жылуулук энергиясынын наркы толугу менен төлөнгөндөн кийин жылуулук энергиясына болгон тарифтер жыл сайын инфляциянын деңгээлине жараша жөнгө салынат.