Жыпариса Рысбекова эмгек министринин биринчи орун басары болуп дайындалды
Жыпариса Рысбекова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.