Зомбулукка каршы электрондук билериктер колдонулат
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу иштердин алкагында электрондук мониторинг механизми алгачкы жолу ишке киргизилди. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди.
Анын айтымында, январь айынан тарта коргоо ордерлери электрондук билериктер жана мобилдик көзөмөл аркылуу күчөтүлгөн форматта колдонулууда. Механизм GPS көзөмөлүн жана Face ID аркылуу милдеттүү идентификациялоону камтыйт.
Пилоттук режимде Бишкектин Октябрь районунда коргоо ордери берилген 15 жаран электрондук мониторингге алынды. Бул чара 20 күндөн 3 айга чейинки мөөнөткө колдонулат.
Министр белгилегендей, келерки аптадан тарта электрондук мониторинг убактылуу коргоо ордерлерине да жайылтылып, мындан ары Бишкектин башка райондоруна жана өлкө боюнча киргизүү пландалууда.
Долбоор Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, Жогорку сот жана Пробация департаменти менен биргеликте ишке ашырылууда. Электрондук мониторингди киргизүү тууралуу мыйзамга президент 2025-жылдын октябрь айында кол койгон.