Үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөргө карата жаза күчөтүлөт
Кылмышкерге карата беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралды. Мындай маалыматты өлкөнүн Башкы прокурору Курманкул Зулушев бүгүн, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин биринчи жыйынында билдирди. Зулушевдин айтымында, азыр иштеп жаткан мыйзамдарда үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөр коомдук жумуштарга тартылып, 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул төлөөгө милдеттендирилген.
Эске салсак, Башкы прокуратура бир катар мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. 2019-жылдагы кодекстер менен мыйзамдарды кайра өзгөртүү максатында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.