"Эркин-Тоо"

Үзүрлүү эмгектин жемиши

Саналуу күндөрдөн кийин Садыр Жапаровдун Президенттик кызматка расмий киришкенине төрт жыл болот. Эч кимге жашыруун эмес, убакыттын өтүшү менен артта калып, тарых барактарына айланган төрт жыл аралыгында 40 жылга татый турган ири иштер жасалды. Аны бирибиз да жокко чыгара албайбыз. Бул фактыны учурда бүтүндөй кыргыз коомчулугу гана эмес, дүйнөдөгү кыйындар дагы моюнга алып жаткан чагы. Бир эле мисал айтсак, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш былтыр өлкөбүзгө келип: “Мен Кыргызстанда бир нече жолу болдум, бирок мындай динамизмди көргөн эмесмин, силердин өлкө “уйкудагы сулуу” болчу эле, азыр күлүк атка айланыптыр” деген баасын берди. Демек, биздеги ийгиликтерди, жетишкендиктерди дүйнө жүзү дагы көрүп жатат. Албетте, бул Мамлекет жетекчиси Садыр Жапаровдун аракети менен ишке ашууда.

Ипотекалык үйлөр курула баштады

30 жылдагы башаламан саясат мамлекеттин бардык катмарын кризиске батырып, алардын катарында турак жай маселеси да чоң көйгөйгө айланып калган эле. Өлкөбүздөгү төңкөрүштөр болгон сайын жер басып алуучулар топтолуп чыгып, дыйкандардын айдоо аянттарын өз билемдик менен ээлеп алып келишкен. 2020-жылдан кийин калкты арзан турак-жай менен камсыздоо иши колго алынды. Президент
Садыр Жапаровдун демилгеси менен «Менин үйүм 2021–2026» программасы иштелип чыгып, ал ийгиликтүү аткарыла баштады. Турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилип, калктын аярлуу катмарына Социалдык ипотека багыты киргизилди. Өзгөрүүлөргө ылайык калктын аярлуу катмарлары иштеген жерине карабастан 4 пайыздан ипотека алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ага катар 25 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Бул жерде мурдагы программалардан кескин айырмаланган дагы бир жакшы жери, кардарлардан баштапкы төлөм талап кылынбайт. Керектүү документтерин тапшырып кезекке тура беришет.

Мурда ипотекалык үйлөрдү мамлекет жарандарга сатып алып берген. Алардын пайыздык чени жогору болчу. Андай аракет менен көйгөйдү толук чечүү мүмкүн эместигин түшүнгөндөн кийин мамлекет өзү үйлөрдү курганга киришти. Бир жарым жылдын ичинде жаңы, жаркыраган үйлөр курулуп, өткөн жылдын декабрь айында кезекте тургандарга тапшырылды. Бишкек шаарынын
Скрябин жана Маликов көчөсүндөгү курулган үйлөр 1059 мекендешибизге берилди. Батирлер МИКте турак-жай алуу үчүн кезекте турган жарандарга, алдын ала 50 пайыз баштапкы төлөм менен үлүштүк ипотекалык негизде акча кошкон мигранттарга, биринчи кезектеги социалдык категориядагы жарандарга жана мамлекеттик кызматкерлерге берилди.

Маалым болгондой, үлүштүк ипотека биринчи кезекте мигранттарды колдоого багытталган. Сыртта иштеген мигранттар ири суммадагы каражаттарды туруктуу түрдө Кыргызстанга жөнөтүп жатышат. Алардын көбү үйлүү болуш үчүн чет жакта жүрүшкөнү эч кимге жашыруун эмес. Ондогон жылдар бою жыйнаган акчасын шылуундар түзгөн кооперативдерге алдатып жиберишүүдө. Маселен, атагы алыска угулган “Ихсан” кооперативи жарандардын 701 миллион сомун алдап кеткен. Бул кейиштүү жагдайдын дагы себептери 30 жылдык тарыхта элди башкарган жетекчилерге барып такалат. Турак жай көйгөйүн чечпей, алдым-жуттумдарга жем кылып салып беришкен.

2020-жылдагы бийлик алмашуусунан кийин бардык тармактар менен катар турак жай көйгөйүн чечүү колго алынып, жогоруда белгиленгендей, өткөн жылдын этегинде 1059 жаран үйлүү болду. Жакынкы эки, үч айдын аралыгында дагы ондогон мекендешибиз үйлүү болгону турат. Тактап айтсак, 2025-жылдын биринчи кварталында Маликов көчөсүнөн 476 батир, Айтматов көчөсүнөн 612 батир үй ээлерине берилет. Ошого катар учурда өлкө аймагында 430 көп кабаттуу турак жай салынууда. Аларда 40 миң 205 батир бар. Атап айтсак, Бишкек шаарында 17 425 батир, Ош шаарында 4 574 батир, ал эми Ош облусунда 1 100 батир курулууда. Жалал-Абад облусунда 6 996 батир, Ысык-Көл облусунда 5 115 батир, Нарын облусунда 433 батир, Талас облусунда 290 батир, Баткен облусунда 4 272 батир курулуп жатат.

Жакырчылыктан куткарган “Социалдык келишим” долбоору

Чакан аралыкта жасалган изги иштердин бири – “Социалдык келишим” долбоору болду. Президент Садыр Жапаров жеке өзү демилгелеген бул долбоор бүгүнкү күндө үзүрүн берүүдө. Аз камсыз болгон миңдеген үй-бүлө өз ишкерлигин ачып, учурда дээрлик бардыгы ийгиликтүү ишин жүргүзүп жатат. Долбоордун жемиши десек болот, өлкөдө жөлөк пул алган балдардын саны былтыркы жылга карата 45 миңге азайган. 2024-жылдын июнь айына карата өлкөбүздө 44 900 бала же 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгондор категориясынан чыгарылды. Белгилей кетсек, «Социалдык келишим» долбооруна жөлөк пул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жакыр жашаган жарандар категориясына кирген адамдар катышууда. Тагыраагы, бул жардам 100 миң сомго чейин бир жолку социалдык жардам катары берилип келе жатат.

Үч жыл ичинде 35 миңге жакын үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлдү. 2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилсе, 2023-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөгө берилген. 2024-жылы аз камсыз болгон жана жакыр жашаган 23 миң үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлдү. Былтыр дагы бир жакшы жобо киргизилип, 100 миң сом алган жарандар ишкерлигин далилдеп, салыктарды өз маалында төлөсө, мамлекеттик банктардан 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя алганга шарт түзүлгөн. Аны дагы бир нече мекендешибиз пайдаланып, насыя алганына күбө болдук. Быйыл дагы улантылып, 2025-жылы “Социалдык келишим” аркылуу 20 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт.

УКМК тарабынан 2 млрд 400 млн доллар кайтарылды

Көп жылдардан бери коррупционерлерге жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүрүшү керектиги талап кылынып келген. Үч жолу кайталанган элдик көтөрүлүштөрдүн дагы эң негизги себебинин бири ушул көйгөйдө болгон. Анткени, 30 жылдык тарыхта жемкорлук жетер жерине жетип, майлуу тармактарды чеңгелдеген мамлекеттик кызматкерлер кылмышкерлер менен тамырлашып калган болчу. Ишкерлерге иштегенге мүмкүн болбой калган. 2020-жылдагы бийлик алмашуусунан кийин кырдаал түп тамырынан өзгөрүп, уюшкан кылмыштуу топторго жана жемкорлорго каршы катаал күрөш жүрдү. Төрт жыл ичинде далай каражаттар, мүлктөр кайтарылды. Эсеп палатасы, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура сындуу органдардыкын кошпой, бир эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кайтарылган сумманын өзү 2 млрд доллардан ашты. Тактап айтсак, УКМК 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын декабрь айынын аягына чейинки убакытта 209 млрд сом жыйнады. Бул 2 млрд 400 млн доллар болот.

Коомчулукка бүдөмүк болбошу үчүн кайтарылган каражаттардын кайда кеткени дагы айтылды. Атайын кызмат тарабынан акчалай түрүндө кайтарылган 37 млрд 776 млн сомдун 3 миллиард 352 миллион сому республикалык бюджетке төгүлдү. Бажы кызматына 395 миллион сом, Салык кызматына 4 миллиард 394 миллион сом, турукташтыруу фондуна 16 миллиард 952 миллион сом, жаңы стадион курууга 12 миллиард 681 миллион сом которулган. Ал эми мүлк түрүндө 1174 объект мамлекетке кайтарылып, алардын баасы 130 млрд 510 млн сом болгон. Анын ичинен 44ү Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан 8 миллиард 963 миллион сомго сатылган. Ошого катар жалпы баасы 47 млрд сомду түзгөн 184 объект мамлекетке өткөрүлүп берилген. Алар – пансионаттар, стадиондор, балдар лагерлери, мектептер, бала бакчалар, заводдор, соода аянтчалары жана жер тилкелери. Бүгүнкү күндө болжолдуу баасы 75 млрд сомду түзгөн 945 объект калган, алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан сатыкка коюлууда.

ГЭСтердин курулушу жанданды

Эгемендик алгандан берки 30 жылдык убакытта энергетика тармагы дагы сазга батып калганын билебиз. Биринин артынан экинчиси ээрчише келген жетекчилер жаңы ГЭСтерди курмак турсун, Союз маалында курулган ГЭСтер оңдоп-түзөөдөн өтпөй, иштен чыгып калуу коркунучуна кептелди. Жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 мВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда кышкысын азыркыдай каатчылык болмок эмес. Эки жылдан бери Токтогул ГЭСинде толук реконструкция иштери жүрүп жатат. Бардык агрегаты жаңыланды. Кийинки жылга бир эле агрегаты калды. Ал да бүтсө, жалпысынан 240 МВт кубаттуулук кошулат. Үч-Коргон ГЭСин дагы жаңыртуу иштери башталып, 4-генератору ишке киргизилди. Эми кошумча 9 мВт кошулат. Жалпы оңдоп-түзөөдөн кийин 36 МВт кошулат.

Таласта “Бала-Саруу” ГЭСи, Чүйдө “Ысык-Ата” чакан ГЭСи, Жалал-Абаддын Сузак районундагы “Көк-Арт” чакан ГЭСи жана Токтогул районундагы “Кайнама” ГЭСи ишке кирди. Ага катар үстүбүздөгү жылы Исфайрам-1 чакан ГЭСи, Белес чакан ГЭСи, Авлетим чакан ГЭСи, Лейлек чакан ГЭСи, Курак-Тектир чакан ГЭСи, Адын-Үңкүр чакан ГЭСи ишке кирмекчи. Ал эми Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбооруна 500 миллион доллар каражат табылып, азыр даярдык иштери жүрүп жатат. Учурда жолдор, көпүрөлөр, тоннелдер, көмөкчордондор жана жумушчулар үчүн убактылуу лагерь курулууда.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында атайын Зардалы айылына чейин барып, көйгөйлөрүн угуп, 6,31 гектар аянтка жалпы кубаттуулугу 29 мегаватт болгон чакан ГЭСти куруу боюнча тапшырма берген. 1,6 млрд сомдук долбоор түзүлүп, Зардалы дарыясынын нугуна салына баштайт. Иштер “Ак-Буура Групп” ЖЧКсы тарабынан аткарылмакчы.

                                                                                                                         Зулпукаар Сапанов

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!