Бишкекте жылуулук качан берилет? Мэрия жооп берди
Бишкекте 2026–2027-жылдардагы жылытуу сезону качан башталары азырынча белгисиз. Шаардык штаб бул маселе боюнча азырынча жыйын өткөрө элек. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жылуулук берүү боюнча чечим абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо кабыл алынат.
Биринчи кезекте жылуулук ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин көп кабаттуу үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана башка мекемелерге жылуулук кошулат.
Мэриянын маалыматына караганда, күн кескин сууктап кетсе, Бишкек ЖЭБи толук кубаттуулукта иштөөгө даяр. Учурда кампада 248 миң тонна көмүр бар. Күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн жалпысынан импорттук жана ата мекендик жогорку калориялуу көмүрдүн 1 миллион 520 миң тоннасы талап кылынат.
Эске салсак, 2025-жылы Бишкекте жылытуу сезону 3-ноябрда башталган.