Өкмөт Антикризистик программа боюнча Жогорку Кеңешке маалымат берет

10-март, 2022-ж. / Редакция / Башкы кабар 47

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар ар түрдүү маселелерди талкуулоодо. Жыйында депутаттар Министрлер кабинетин акыркы геосаясий окуяларга байланыштуу Өкмөттүн антикризистик программасы боюнча жана баалардын өсүүсү, жазгы талаа иштерине даярдык боюнча маалымат беришин талап кылышты.

Депутат Айбек Осмонов Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен биргеликте Улуттук Банктын төрагасын жана Резервдик фонддун төргасын кошуп чакыруусун талап кылды.

Ошентип Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер бүгүн саат 14:00дө парламентке келип акыркы кырдаал боюнча маалымат бермей болду.

Депутат Шарапаткан Мажитова өкмөткө дары-дармек жана курулуш материалдарын үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча чараларды көрүүнү сунуштап, ички дары-дармек рыногунун 65% Орусия менен Украинага туура келерин белгиледи.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов доллардын курсунун кескин көтөрүлүшүнө тынчсыздануусун билдирип, доллар менен насыя алган ишкерлер көп экенин белгиледи. Ал кошумчалагандай, экономикалык каатчылыкка байланыштуу бардык коңшу өлкөлөрдө Антикризистик программалар кабыл алынган, Кыргызстан да тез арада тийиштүү программалык документти кабыл алышы керек.

10-март, 2022-ж. / Редакция / Башкы кабар 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X