ӨКМ: Чаткалда жамгырдын кесепетинен үйлөрдү суу каптады

16-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 32

15-март күнү саат 11:00 чамасында Чаткалда жааган жаандын кесепетинен карлар ээрип, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 111-чакырымында жолдон аккан суулар Жаңы-Базар айылынын Алтын-Казык тилкесиндеги 48 турак үйдүн короолорун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мындан улам, бир турак үйгө суу кирип, алты турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралган.

Андан сырткары,  Курулуш айылынын Ак-Тилек көчөсүндө 13 турак үйдүн короолорун каптап, 5 турак үйгө суу каптоо коркунучу жаралып, Кара-Ой көчөсүндө 6 турак үйдүн короолорун суу баскан. ӨКМдин маалыматы боюнча, жалпысынан 72 турак үйдүн короосуна суу толуп кеткен.

Куткаруу иштерине Чаткал райондук  ӨКБдан 4 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 57 адам, токой чарбасынан 5 кызматкер, медицина кызматынан 5, ИИМден 7 кызматкер тартылган.

Натыйжада, суунун нугу бурулуп, короого толгон суу мотопомпанын жардамында сордурулган. Кеч киргенине байланыштуу  иштер токтотулуп, бирок суу каптоо коркунучунан сакталып, жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөл уюштурулган.

16-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X