"Эркин-Тоо"

ӨКМ: Миңдеген мал кырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  Ысык-Көл облусунун алыскы Сырт өрөөнүнө карай кеткен жолдор жабылып, тоюттун жоктугунан миңдеген мал-жандыктар кырылууга дуушар болгонун билдирди. Бирок азырынча так санын билдиришкен жок жок.

Мекеменин басма сөз кызматы 6-июнда тараткан маалыматка караганда, ушул тапта Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун тоолуу аймактарында жайгашкан айылдарына, жайлоолоруна каттамдар ачылып, абал жөнгө салына баштады.

Министрликтин кызматкерлери чогултулган 6565 түк чөптүн 3100үн Жети-Өгүздүн Ак-Шыйрак, Ыштык, Кара-Сай, Үч-Коргон айылдарына, ал эми 3365 түк чөптү Ак-Суу районунун алыскы аймактарындагы айылдарына жана кыштоолоруна жеткирди.

Ак-Суу районундагы Сары-Жаз жайлоосу менен Эңилчек айылына да жол ачылганы кабарланды. Эңилчектеги Кайыңды, Таш-Короо, Жылуу-Булак, Ат-Жайлоо коктуларында 12 малчы жайдыр-кыштыр жашайт. Бул аймактардагы 11 малчыдан кабар алынып, бирөө менен дагы деле байланыш боло элек.

29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта кар жана жер көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун бир нече райондорунда жолдор жабылып, каттам токтогон. Айрым фермерлер табигый кырсыктын кесепетин жоюп, мал-жандыкка тоют жеткирүү ишин облус бийлиги, тиешелүү мекемелер ыкчам уюштурган жок деп нааразы болуп жатат