ӨКМ: Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды
Кечээ, 24-мартта саат 15:20лар чамасында Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 4200 куб метр кар көчү түшүп, жолду жабып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Тазалоо иштерине бир бульдозер, бир жүктөгүч тартылган. Техникалардын жардамында саат 18:30га чейин 2100 куб метр кар көчкү тазаланып, унаа жол бир тараптуу ачылган.
Бүгүн, 25-мартта тазалоо иштери уланууда.
