ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Жаан жаап, сел жүрөт

8-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аба ырайы 38
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
8-апрелден 10-апрелге чейин абанын температурасы жогорулап, жаан-чачын жаай турганы айтылат.
Ошондой эле 8-апрелден 12-апрелге чейин күндүн жылышына байланыштуу айрым жактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар:

Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;

Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы;

Казарман — Актал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусу;

Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу.

8-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аба ырайы 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X