ӨКМ: Унаа жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн

19-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 19-январдан 21-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга, карга жана шамалдын күчөшүнө байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн. Алсак:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайына;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусуна;
  • Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарына;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарына;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусуна;
  • Балыкчы – Казарман –Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусуна кар көчкү түшүшү ыктымал.

Министрлик билдиргендей, унаа жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керек.

19-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X