Өлкө боюнча бир жумада 21 миң 174 жол эрежесин бузуу катталды
Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында өлкө боюнча ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматы билдирет.
Акыркы бир жумада республикада 21 миң 174 жол эрежесин бузуу катталган. Алар:
-айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 3134;
-тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн – 231;
— ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 7234;
— ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 31;
— Автоээнбаштык – 1;
— жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, атчан айдаган адамдын же жаныбарлардын айдоочусу тарабынан жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1431;
— ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 72;
-жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 8209;
-айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 32;
-мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 230;
-унаа токтотуучу жайга коюлду – 801.