Өлкөбүздүн футбол боюнча кыздар курама командасы түркмөнстандык тайпаны жеңди

24-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 43

Өзбекстанда өтүп жаткан CAFA чемпионатында Кыргызстандын футбол боюнча U-18 кыздар курама командасы Түркмөнстанды 1:0 эсебинде утуп, жеңишке жетишти.

Турнир Ташкент шаарында Борбор Азия футбол ассоциациясынын уюштуруусунда өткөрүлүүдө. Жыл сайын өткөрүлгөн бул мелдешке беш курама команда катышууда.

Белгилей кетсек, аталган мелдештин биринчи турунда кыргызстандык футболчу кыздар Ирандын курама командасын 1:0 эсебинде утуп, жеңишке жетишкен.

 

24-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X