Өлкөдө 1000 айыл күндөн электр энергиясын алууга өтөт

28-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59

Кыргызстандагы 1 миң айылга күндөн энергия алуучу станциялар орнотулат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тоң районундагы атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Ташиевдин айтымында, ар бир айылга күнүнө 1 мегаваттка чейин энергия берүүгө жөндөмдүү күн станциялары орнотулат жана алар күндүз 6-7 саат, түнкүсүн 2 саат электр энергиясын берет.

28-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X