Ушул күндөрү Казакстан менен Өзбекстанда картошкага болгон суроо-талаптын жогорулоосунан жана жасалма алып-сатарлыкка байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында картошка менен эттин баасынын дароо жогорулагандыгы байкалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “адатынча” элди бул азыктардын баасына карата дүрбөлөң түшүүгө эч кандай негиз жоктугун, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугуна карата коопсуздук жаралбагандыгын, социалдык маанидеги 9 продукция боюнча толук резерв бар экендигин айтышууда.
Өткөн аптанын 8-9-февраль күндөрү өлкөбүздүн бир катар район-шаарларынын борборлорунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин тапшырмасы менен азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Токмок, Сузак, Өзгөн, Ноокен, Алай, Кара-Кулжа, Кемин, Ош, Айтматов, Бакай-Ата, Жети-Өгүз, Каракол, Аламүдүн, Токтогул, Кант, Ат-Башы баштаган бир катар аймактарда азык-түлүк коопсуздугу, баа саясатынын кымбатташын утурлай өткөрүлгөн жарманкеде деле баанын арзандыгы байкалбайт. Маселен, ушул эле жарманкелерде уй этинин орточо баасы 550 сомдон 650 сомго дейре бааланса, картошканын баасы орточо 50 сомдун тегерегинде сатылууда. Бул албетте, аймактардагы баалар. Азык-түлүктүн мындай баалары Бишкекте мындан алда канча кымбаттап кеткенин байкоого болот.
Ушул тапта баш калаабыздын базарларында уй этинин орточо баасы 650-750 сомго дейре, картошканын наркы 60-70 сомго чамалаганы байкалууда. Азык-түлүктүн бул түрүнө болгон баанын кескин түрдө кымбатташынан улам жакында министрлик мал-жандыктарды Өзбекстанга экспорттоого кайрадан чектөө киргизди. Ал эми картошканын баасынын жогорулашына деле тээ күздөн бери Өзбекстанга болгон экспорт себепчи болгон. Дыйкандардын кырманына түшкөн картошканын негизги бөлүгү октябрь, ноябрь айларында кошуна өлкөгө экспорттолуп, учурда таңкыстыктан улам баа көтөрүлүп жаткандыгын айтышууда. Кыргызстандын базарларында өзгөчө бааланган Кочкордо өстүрүлгөн картошканын баасы учурда райондун өзүндө 50 сомдон кем эмес баада сатылып жаткандыгы маалым болду.
Албетте, эт менен картошканын наркынын баасы чыгып, базарларда кызыган тейде сатылып турушу дыйкандар үчүн айтпаса да жакшы деңизчи. А айлыктан башка кошумча кирешеси жок калаа тургундары үчүн бул көрүнүш каатчылыкты чакырып, ансыз да инфляция барган сайын “баштан сылап” турганда “жону жука” катмарды кыйла түйшүккө салууда. Өзгөчө жакшылык-жамандыгына бирдей эт колдонгон кыргыз баласы үчүн бул көрүнүш кооптуу эмей эмне? Ушул тапта кышы менен байланып, колдо бордоп семирген малдын алдыңкы “партиялары” базарга сатыкка чыкканы менен эттин баасы түшкөндүгү байкалбайт. Тескерисинче, апта сайын кымбаттап, бул көрүнүш андагы алып-сатарларды да таң калтырууда.
Өлкөдөгү бирден-бир ири мал базар саналган Кочкор районунун борборунда төрт-түлүктүн баасы тээ күздөн бери көтөрүлгөндүн гана ичинде болбосо, түшпөй жатканын байкоого болот. Учурда бул базарда төрт-түлүктүн семиз түрү колдо турбай, дароо өтүп турганын өз көзүм менен көргөнүм бар. Бир жагынан ортодогу алып-сатарлык менен шугулдангандар да бир эсе баанын жогорулашына себепчи болуп жаткандыгы анык. Эгерде төрт-түлүктүн Өзбекстанга болгон экспорту чектелбегенде алдыдагы жаз мезгилине карай баа мындан да 2 эсеге дейре жогоруламактыгын ошол эле алып-сатарлар саймедирешүүдө. А мындай шартта карапайым калкыбыз эт жебестен, “сууктап” калабы? Эмесе, биз бул жагынан дагы да кырдаалга көз салып турмакчыбыз.
Калыгул Бейшекеев