Өлкөдө ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү төмөндөдү
Кыргызстанда ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү төмөндөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешмеде айтылды.
Маалымдалгандай, ымыркайлардын өлүмү 1000 тирүү төрөлгөн балага карата 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга азайган. Ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себептеринин түзүмү өзгөрүүсүз калган. Тактап айтканда:
-
перинаталдык мезгилдеги оорулар — 65,7% (1224 учур);
-
тубаса өнүгүү кемтиктери — 15,5% (289 учур);
-
дем алуу органдарынын оорулары — 8,2% (152 учур).
Мындан тышкары, жугуштуу жана паразитардык оорулардан улам болгон ымыркайлардын өлүмү 28,1 пайызга өскөнү белгиленди.