Өнөр жайда олуттуу өзгөрүү бар
Министрлер Кабинетинде 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баяндама жасады. Ал ички дүң продуктунун көлөмү 1 трлн 523 млрд сомду түзүп, 9%га көбөйгөнүн, Кумтөрдү кошпогондо 10,3%га өсүш болгонун кабарлады.
“Ички дүң продукцияны жан башына бөлгөндө 2 431 долларды түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 585 млрд сомдон ашты, мунай иштетүү жана алтын казып алууну кошкондо 102 жаңы ишкананы ишке киргизүүнүн эсебинен өсүш 5,6%ды түздү. Автоунаа чыгаруу башталды. Дүң өндүрүштүн көлөмү 395,6 млрд сомго жетип, өсүш 6,3%ды түздү» деди.
Өлкөдө дан эгиндеринин, тактап айтканда буудайдын жана кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү мол болгон. Бул өсүш өлкөнүн кантка болгон ички керектөөсүн толугу менен канааттандырууга мүмкүндүк берген. Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 14,6 млрд долларды түзүп, экспорттун көлөмү 21,3%га көбөйгөнүн маалымдады. Жаңы ишканаларга инвестициялардын жалпы көлөмү 2,2 млрд долларды түзүп, анын арты менен 19 миң жаңы жумуш орундары түзүлгөн.
Министрлер Кабинети өткөн жылы пенсиялык системага өзгөчө көңүл бурган. Ушу тапта пенсиянын орточо өлчөмү 10 547 сомду түздү, 2020-жылы ал 5665 сомду түзгөн. 2024-жылы өлкө аймагында 787 миң пенсионер бар болсо, пенсия төлөө үчүн 91 млрд сом жумшалган. Ал эми эмгек акы фонду 2024-жылы 145,6 млрд сом болгон, же 2 эсеге өскөн. Ошондой эле дарыгерлердин айлыгын көбөйтүүнүн алкагында 2024-жылдын 1-июлунда алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга 20 000 сом өлчөмүндө стипендия, квартал сайын 66 000 сом төлөнө баштады. Ошондой эле бир катар адистиктеги дарыгерлер үчүн компенсациялар каралган.