Өзбекстан менен Казакстан космосто кызматташат

11-май, 2022-ж. / Редакция / Дүйнө 53

Өзбекстан менен Казакстан тынч максатта космос мейкиндигин иликтөө жана колдонууда кызматташат. Мындай эл аралык келишим эки өлкөнүн өкмөттөр арасында бекитилди.

Келишимге тараптар 6-декабрда Нур-Султанда кол коюшкан.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, өзбек тараптан келишимди аткаруу «Өзбеккосмос» агенттигине жүктөлгөн. Келишим эки өлкөнүн тынч максатта космос мейкиндигин иликтөө жана колдонуудагы, космостук технологияны экономика менен илимди алдыга жылдыруудагы, коопсуздук жана социалдык өнүгүүнү камсыздоодогу кызматташтыгын жөнгө салат.

Кызматташуу багыттарына: космостук тармактын ар кыл багыттарында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо; космос мейкиндигин, анын ичинде астрофизикалык, планеталык изилдөө жүргүзүү; космос аппараттарын, навигациялык системаларды иштеп чыгуу кирет,-делет маалыматта.

11-май, 2022-ж. / Редакция / Дүйнө 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X