Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолго канча сом төлөнөт?

6-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол менен жүрүү жеңил машинелер үчүн 200 сомду түзөт. Бул тууралуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун тартуу жана даярдоо бөлүмүнүн башчысы Каратай Жангелдиев билдирди. Анын айтымында, төлөм бир нече категориялар боюнча жүргүзүлөт. Прицеби жок жүк ташуучу унааларга 350 сом, чоң жүк ташуучу машинелерге — 700 сом. Чогулган каражат трассаны тейлөөгө жумшалат.

6-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X