ӨКМ эскертет! Сел жүрүү коркунучу бар
Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 26-29-мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.