ӨКМ: Кара-Кулжа-Сары-Булак жолунда дагы жер көчкү жүрүшү мүмкүн

9-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35

Президенттин Ош облусундагы атайын өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Кулжа-Сары-Булак жолунда жүргөн жер көчкүгө байланыштуу жеринде тиешелүү министрлик-мекемелер менен жыйын өткөрдү.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.  Маалыматта адистердин сунушу менен кырсык дагы кайталанышы мүмкүн болгондуктан 7-декабрда түшкөн көчкүнү тазалоо иштери токтотулган.

«Жолго дагы болжол менен 360 000 м3 жер кыртышы түшүшү мүмкүн болуп турат. Мындан улам аталган жолду убактылуу жабуу, нөөмөттөрдү уюштуруу жана №26 Жол тейлөө ишканасына тезинен жолду калыбына келтирүү боюнча долбоор иштеп чыгууга байланыштуу тапшырмалар коюлду. Жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы пост уюштурду», — деп жазылган маалыматта.

Кара-Кулжа районунда Сары-Булак айыл аймагына кетчү жолдо 7-декабрда кечке саат 5тер чамасында жер көчкү жүргөн. Кырсыкта жабыркагандар болгон эмес. Учурда машиналар Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол менен каттап жатат.

ӨКМ 2022-жылы бул тилкеде жер көчкү жүрүү кооптуулугу жогору деген корутунду чыгарган.

 

9-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X