"Эркин-Тоо"

Өлкөдө акыркы бир жумада 21 миң 501 жол эрежесин бузуу аныкталды

Өлкөдө жол кырсыктары жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында, ЖКККББ кызматкерлери  рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада республика боюнча 21 миң 501 жол эрежесин бузуу аныкталган. Анда

-айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 3142;

-тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн – 356;

— ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 7904;

— ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 25;

— Автоээнбаштык – 3;

— жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, атчан айдаган адамдын же жаныбарлардын айдоочусу тарабынан жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 547;

— ТК түзүлүшүнө  өзгөртүүлөрдү киргизүү – 131;

-жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 8270;

-айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 54;

-мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 498;

-унаа токтотуучу жайга коюлду – 1219 болгон.

 Ошондуктан ЖКККББ жарандарга: жол кыймылына тиешелүү эрежелердин талаптарын билүүгө, так аткарууга милдеттүү экенин жана бардык жол кыймылынын катышуучуларын сак болуусун эскертет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!