Өлкөдө балдардын 59-90 пайызы стоматологиялык жардам алууга муктаж
Бул тууралуу Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортопедиялык стоматология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Абибилла Калбаев билдирди. Ал Кыргызстанда тиш ооруларына байланыштуу кайрылгандардын саны абдан көп экенин айтты. Тактап айтканда өлкөдө балдардын 59-90 пайызы стоматологиялык жардам алууга муктаж.
«Стоматология — медицинанын абдан чоң тармагы. Стоматологиялык жардамга муктаждык абдан жогору. Бүгүнкү күндө республикада өз алдынча иштеген 11 стоматологиялык эмкана бар. 2024-жылдын маалыматы боюнча, өлкөдө лицензиясы бар 804 жеке менчик тиш клиникасы катталган. Өлкөдө балдардын дээрлик 59-90 пайызы стоматологиялык жардам алууга муктаж. Ал эми өспүрүмдөрдө жана бойго жеткен курактагылар арасында бул көрсөткүч андан да көп», — деди Калбаев.