Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн «Кыргызиндустрия» бир катар долбоорлорду сунуштады

5-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 42

Кыргыз Республикасынын Президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйыны болуп өттү. Анын алкагында эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшү максатталып, ар тармактуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык чөйрөдө ишке ашырыла элек чоң потенциал бар. Буга байланыштуу биздин мамлекеттердин аймактык администрациялары менен ишкер чөйрөлөр ортосунда түз байланыштарды орнотуу боюнча иштиктүү чараларды көрүү зарылдыгы бар экенин Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилеп өттү.

“Кыргызиндустрия” ААК өлкөбүздүн экономикалык жактан өсүшү үчүн ушул багытта иш алып барууга белсенүүдө. Ошол себептүү аталган жыйында дыкаттык менен иштелип чыккан тийиштүү долбоорлорду сунуштап, коомдун Президенти Жарасул Абдураимов тарабынан төмөнкү долбоорлорго презентация жасалды.

Базальт ташты иштетүү жана базальт буюмдарды жасоо боюнча өндүрүштүк комплексти уюштуруу;

Кыргызстанда композит таштардын өндүрүшү;

Ширетүүчү электроддорду жасоо – «Кыргызэлектрод»;

 Кабык таш-акиташ тектерин (травертин) иштетүү боюнча өндүрүштүк комплекс уюштуруу;

 Ош облусунун Ноокат шаарында АгроЛогистикалык борбор куруу;

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда АгроЛогистикалык борбор куруу;

«Кызыл-Кыя» соода-логистикалык борборунун долбоору;

«Кыргызчеттранс долбоору;

Кыргыз Республикасында жибек ийрүүчү фабриканы модернизациялоо боюнча долбоор;

Минералдык пигменттерди өндүрүү боюнча фабрика куруу (Кендери: Курубел, Белесынык, Сагул, Мадыген жана Чайкамар).

Аталган долбоорлор боюнча Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана жалпы делегация оң баасын беришип, ийгиликтерди каалашты. Ал эми айрым долбоорлорду жактырышты.

5-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X