"Эркин-Тоо"

Өсүмдүк зыянкечтерине каршы чаралар көрүлдү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти күздүк үкүчөлөрдүн чыккандыгы боюнча маалымат каражаттарындагы жарыяланган билдирүүлөрдөн кийин 9-10-майда, Жалал-Абад өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын адистери тарабынан Токтогул районунун Бел-Алды, Ничке-Сай, Чолпон-Ата айылдарындагы көп жылдык чөптөрдө күздүк үкүчө зыянкечине изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Анда жалпы 430 гектар аянтта, анын ичинен 98 гектар аянтта күздүк үкүчөнүн гусеницалары табылды.

Башкармалыктын адистери тарабынан үкүчөлөргө каршы күрөшүү чаралары  боюнча дыйкандарга сунуштарды беришти.

Бүгүн, 12-майга карата аталган зыянкечке каршы 80 гектарда химиялык иштетүүлөр жүргүзүлүп, айдоо аянттарына зыян келтирүүсүнүн алдын алуу чаралар көрүлдү.

Маалымат үчүн: Күздүк үкүчө (лат. Agrotis segetum) — полифаг зыянкеч, башкача айтканда, өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрүнө зыян келтирүүчү ылгабай жеген зыянкеч. Кемирип жеген үкүчөлөрдүн тобуна кирет. Бардык жаштагы гусеницалары зыян келтирет.

Гусеница алты жаштан өтөт. Тамактануусу кечинде жана түнкүсүн жүрөт. Күндүз жерге жакын жалбырактардын ылдый жагында же топуракта жашырынышат.

Гусеницалар үч жашынан баштап жалбырактарды тешип жешет. Ал эми улуу курагында жалбырактарды толугу менен жеп, борбордук сөңгөктөрү гана калат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!