Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды

27-январь, 2023-ж. / Редакция / Башкы кабар 35

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 26-январда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Ал 1916-жылы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Иш-чарада өзбек лидерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров коштоп жүрдү.

27-январь, 2023-ж. / Редакция / Башкы кабар 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X