Өзгөн районунда 5 айдан бери билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин орду бош турат

5 айдан бери Ош облусунун Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу Урулбай Кенеев аткарып келе жатат. Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алишер Бакышев 2021-жылдын январь айында пенсия курагына жеткенине байланыштуу жумуш ордун тапшырып кеткен болчу. Андан соң, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын эртерээк сынактын негизинде дайындап берүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдогон экен. Бирок, ушул мезгилге чейин райондук билим берүү бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалып келген эмес.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X