1-3-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

1-3-март күндөрү аба ырайы өзгөрүп, тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

1-мартта түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын тоолуу жерлеринде жамгыр, кар жаайт. Күндүз дээрлик бардык аймактарда жаан-чачын күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -1…-6°.

Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаайт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 11…13° градус жылуу болот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X