1 346 гектар жер 20 жылдан бери акысыз пайдаланылып келген
Нарын районунда 1 346 гектар эсепке алынбаган айыл чарба багытындагы жерлерди аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер тилкелери тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында түзүлгөн мекемелер аралык комиссия жүргүзгөн инвентаризациянын жыйынтыгында табылган.
Аныкталган жерлердин 18,29 гектары чабынды, 864,15 гектары кайрак, 483,85 гектары сугат жерлери болсо, 14 гектары калктуу конуштардын жерлерине кирет.
Текшерүү учурунда бул жерлердин басымдуу бөлүгү 20 жылдан ашык убакыттан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ижара келишими түзүлбөстөн, жарандар тарабынан акысыз пайдаланылып келгени белгилүү болгон.
УКМКнын маалыматына караганда, жер тилкелерин мыйзамдуу жүгүртүүгө кайтаруу жергиликтүү бюджетке кошумча киреше түшүрүүгө, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.