1 миң 350 адам Кыргызстандын жарандыгын алды

21-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 44

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, 1 миң 507 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынган. Алардын 1 173ү чоңдор жана 334ү балдар.

Кыргыз жараны болуп катталгандардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Ошол эле учурда 157 адам КР жарандыгынан чыгарылган.

21-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 44
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X