1-октябрдан тартып пенсиялар көбөйтүлөт

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 514

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо боюнча токтомго кол койду.

Токтомго ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1,20 коэффициенти менен индексацияланат. Бирок индексациянын көлөмү 10 миң сомдон ашпайт.

Ошондой эле пенсиянын базалык бөлүгүнө байланыштуу кошумча төлөмдөрдү эске албаганда, пенсиянын өлчөмү 8 800 сомдон кем болбойт.

Токтом 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 514
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X