10-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 10-февралда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 0…5 градус, Ысык-Көлдө -3…+2, Нарын облусунда күндүз -5…-10 градуска чейин суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 3…8 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз 2…4 градус жылуу болот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X