10-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт
10-март күнү Бишкек шаарына кирген айрым конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» ишканасынын маалыматы билдирет.
Суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 20:00гө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза сууну берүү токтотулат.
Маалыматка ылайык, турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жай ишканаларында суу болбойт.