«100 идея»: КМШ жаштары Кыргызстанда күч сынашат

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90

Москва шаарында 2–3-ноябрда КМШга мүчө мамлекеттердин Жаштар иштери боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда жаштар саясаты жаатындагы кызматташтык жана биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Жыйынга Кыргызстандын атынан Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты.

Ал 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган «КМШ үчүн 100 идея» эл аралык жаштар конкурсун уюштуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле жыйында жаштар менен иштөөдөгү актуалдуу маселелер, учурдагы чакырыктар жана келечектеги кызматташтык багыттары каралды.

Белгилей кетсек, жыйын КМШнын Жаштар иштери боюнча кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына жана шериктештиктин 35 жылдыгына арналды.

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X