Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 130

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына жолдомо алды.

68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан спортчу алгачкы беттешинде индиялык Сриштини 5:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда Жуманазарова Париж Олимпиадасынын күмүш байге ээси, америкалык Кеннеди Алексис Блейдс менен кез келди.

Беттештин жүрүшүндө америкалык балбан 3:0 эсебинде алдыда келе жаткан. Бирок таймаштын акыркы 45 секундунда Мээрим Жуманазарова катары менен упай топтоп, атаандашын далысы менен килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти.

Эми кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатынын финалына чыгуу үчүн Монголиянын өкүлү Энхсайханы Дэлгэрмаа менен күч сынашат.

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 130
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X